Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:33

Парламенттик угууга жарандык коомдун активдүү катышпай жатканы сындалды


Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңеште "Референдум жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча парламенттик угууга жарандык коом активдүү катышпай жатканы сындалды. Бул тууралуу жыйындын жүрүшүндө активист Жеңиш Молдокматов айтып, көбүнчө студенттер гана келгенин, жарандык коомдун активдүү мүчөлөрү чакырылбаганын белгиледи. Парламенттик угууну жогорку окуу жайдагы лекциясына салыштырган активист «Референдум тууралуу» мыйзам долбоорду талкуулоого анын авторлору катышпай жатканына нааразылыгын билдирди.

Молдокматовдун суроолоруна Жогорку Кеңештеги Конституциялык мыйзамдар боюнча комитеттин төрайымы Асел Кодуранова жооп берип, мыйзамдын демилгечилерине коомдук угуу өтөрү тууралуу маалымат берилгенин айтты. Ошондой эле талкууга жалаң студенттер чакырылганы боюнча дооматты четке какты.

Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов талкууга бардык күчтөр чакырылганын, бирок айрым топтор аны саясатка айландырып, келбей койгонун билдирди. (BkA\SE)

XS
SM
MD
LG