Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:18

Төрөбаев жол жана транспорт министрин иштен алууну сунуштады


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Жогору Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев жол жана транспорт министри Замирбек Айдаровду убактылуу кызматтан алууну өкмөткө сунуштады. Буга министрдин “Бишкек-Нарын-Торугарт” жолун куруп жаткан кытайлык “Чайна Роуд энд Бридж Корпорейшн” компаниясына таандык машинени кызмат үчүн минип жүргөнүн негиздеди. Депутат бул жаатта кызматтык териштирүү жүргүзүүнү сунуштоодо.

Фракциянын басма сөз кызматы “Азаттык” радиосуна кабарлагандай, Төрөбаевдин билдирүүсүндө Бишкек-Манас аэропорту жолун курууда олуттуу кемчиликтер кеткени, Бишкек-Кара-Балта жолун куруу боюнча тендер да суроолуу экени белгиленет.

Өткөн аптада министр Замирбек Айдаровдун айдоочусу менен министрликтин Байкоочу кеңешинин мүчөсү Айнура Абдраева жаңжалдашкан. Чыр Абдраева аткаминердин кызматтык унаасын сүрөткө тартканынан улам чыккан.

Мамлекеттик номуру 1010BZ “Лексус 570” автоунаасы «Чайна Роуд энд Бридж Корпорейшн» ишканасына катталганы тууралуу маалымдалган. Мекеменин тендерлерин утуп жүргөн чет элдик компаниянын машинесин кызмат үчүн колдонуп жатканын айрымдар жемкорлук катары сыпаттоодо. (SE)

XS
SM
MD
LG