Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:20

Франция Орусиянын Алепподогу согуш кылмыштарын иликтөөнү өтүнөт


Алеппо.
Алеппо.

Франция Эл аралык кылмыш сотунан орусиялык жана сириялык куралдуу күчтөрдүн Алеппо шаарындагы согуш кылмыштарын териштирүүнү өтүнөт. Француз тышкы иштер министри Жан-Марк Эро бул тууралуу Орусия Франция даярдаган резолюцияга вето койгондон кийин билдирди.

Сентябрдын этегинде Сириядагы ок атышууну токтотуу боюнча келишим үзгүлтүккө учурагандан кийин сириялык жана орусиялык авиация Алеппонун козголоңчулардын көзөмөлүндөгү бөлүктөрүн бомбалоону күчөтүшкөн. Байкоочулардын ырасташынча, калаа үчүн кармаш 5 жылдан бери уланып келаткан жарандык согуштагы бурулуш учур болуп калышы ыктымал.

7-октябрда АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри Москванын жана Башар Асаддын армиясынын Алеппонун карапайым элине каршы аракеттери өзгөчө иликтөөнү талап кыларын айткан болчу.

XS
SM
MD
LG