Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:56

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мобилдик тиркеме чыгарды


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги смартфондор үчүн “112 Кыргызстан” деп аталган акысыз мобилдик тиркеме чыгарды. Жол кырсыгы же башка табият апааттарына күбө болгондор тиркеме аркылуу маалымат жана сүрөттөрдү куткаруу кызматына жөнөтсө болот.

Министрликтен билдиришкендей, Бириккен улуттар уюмунун Азык-түлүк программасынын Улуу Британиянын Эл аралык өнүгүү департаментинин колдоосунда жасалган тиркеме 10-октябрда ишке кирди.

2014-жылдын декабрында аталган министрлик милиция, өрт өчүрүү жана "Тез жардам" кызматтарын бириктирген 112 чакыруу системасын жолго койгон.

XS
SM
MD
LG