Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:32

Аскаровдун сотун видеого тартууга тыюу салынды


Азимжан Аскаров.
Азимжан Аскаров.

Азимжан Аскаровдун сотун видеого тартууга тыюу салынды. Бүгүнкү жараян башталарда отурумду тасмага алууну токтотууну прокурор өтүндү. Буга өткөндөгү сот отурумунун жүрүшүн айрым агенттиктер түз алып көрсөткөндүгү, териштирүү жараянын мындай чагылдыруу туура эместиги негиз кылып көрсөтүлдү. Сот тараптардын пикирин угуп, сунушту колдоду жана операторлор залдан чыгарылды.

4-октябрдагы сот отурумун kloop.kg сайты түз алып көрсөткөн эле.

Аскаровдун иши боюнча сот жараянында бүгүн жабырлануучулар, күбөлөр жана айыпталуучу көрсөтмө берип, андан соң тараптар жарыш сөзгө чыгышат.

Аскаровдун ишин кайра кароо боюнча сот бир апта мурун Жаза аткаруу кызматынын Күзөт жана кайтаруу департаментинде башталган. Ал 2010-жылы июнь окуясында “улут аралык кастыкты козуткан, калайман башаламандык уюштурган жана милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановду мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан” деген айып менен өмүрүнүн аягына чейин камалган.

Быйыл апрелде БУУнун Адам укуктары боюнча комитети аны камоо мыйзамсыз болгонун белгилеп, бошотууну талап кылган. Бул сунуштун негизинде Жогорку Сот 12-июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап чыгып, өзүнүн жана Жалал-Абад облустук сотунун өкүмүн жокко чыгарган. Ишти кайра кароону Чүй облустук сотуна тапшырган. (SE)

XS
SM
MD
LG