Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:48

Министр Айдаров кытайлык компания берген машинени кайра тапшырды


 Lexus 570 автоунаасы (иллюстративдик сүрөт).
Lexus 570 автоунаасы (иллюстративдик сүрөт).

Жол жана транспорт министри Замирбек Айдаров кытайлык “Чайна Роуд энд Бридж Корпорейшн” компаниясына таандык машинени кайра аталган ишканага тапшырды. Автоунааны жол куруп жаткан чет элдик компаниядан алып, кызмат үчүн пайдалануу коомчулук арасында жемкорлук катары сыпатталган.

Министрликтин басма сөз катчысы Кылычбек Досумбетов “Азаттыкка” билдиргендей, автоунааны “Чайна Роуд энд Бридж Корпорейшн” компаниясы 2015 жылдын июлунда түзүлгөн эки тараптуу келишимдин негизинде берген:

-“Лексус 570” машинеси убактылуу пайдаланууга алынган. Жол жана транспорт министрлиги жол оңдоо, куруу сыяктуу иштерди карагандыктан, мекемеге ошондой күчтүү машине керек эле. Чукул кырдаалдар учурунда колдонулган.

Өткөн аптада министр Замирбек Айдаровдун айдоочусу менен министрликтин Байкоочу кеңешинин мүчөсү Айнура Абдраева жаңжалдашкан. Чыр Абдраева аткаминердин кызматтык унаасын сүрөткө тартканынан улам чыккан.

Мекеменин тендерлерин утуп жүргөн чет элдик компаниянын машинесин министрдин кызмат үчүн колдонуп жатканы коррупция катары сыпатталып, Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев кызматтык териштирүү жүргузүүнү жана Замирбек Айдаровду убактылуу иштен алууну өкмөткө сунуштаган. (SE)

XS
SM
MD
LG