Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:49

Кундуздун он миңдеген тургуну үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болууда


Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз шаарында ок атышуу токтобой жатканына байланыштуу он миңдеген жай тургун үй-жайын таштап чыгып кетүүгө мажбур болууда.

Өткөн дүйшөмбүдөн бери бул жерде өкмөттүк күчтөрдүн “Талибан” кыймылынын согушкерлерине каршы күрөшү уланып жатат.

Бириккен Улуттар Уюмунун эсептөөсүндө, соңку бир аптадан бери Кундуздан кеминде 33 миң адам чыгып кетти.

Талибдер бул стратегиялык мааниси чоң шаарга чабуулун 3-октябрда баштаган. Ошондон бери суу, азык-түлүк, дары-дармек жетишсиз. Электр энергиясы да өчүрүлгөн.

Ооганстандын Качкындар иштери боюнча министрлиги Кундуздан чыгып кеткен качкындардын саны жүз миңге чамалаганын айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG