Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:01

Күрт согушкерлери Түркиянын бийликтеги партия мүчөсүн өлтүргөнүн жарыялашты


Түркия (иллюстративдик сүрөт).
Түркия (иллюстративдик сүрөт).

Күрт жумушчулар партиясынын өкүлдөрү Түркиянын башкаруучу "Адилеттик жана өнүгүү" партиясынын мүчөсүнүн өлүмү үчүн жоопкерчилик алышты. Диярбакыр провинциясына караштуу райондордун бириндеги партия бөлүмүн жетектеген Дерян Актертти 10-октябрда атып кетишкен. Андан бир күн мурда чыгыштагы Ван провинциясында партия мүчөсү Айдын Мусту өлтүрүлгөн.

Түрк бийлиги жана батыш мамлекеттери Күрт жумушчулар партиясын террордук уюмдардын катарына киргизген. Былтыр тынчтык келишими бузулгандан кийин күрт согушкерлери менен түрк аскерлеринин ортосунда кагылышуулар кайра башталган. Ошондон бери Түркия аскер күчтөрүнүн 600дөн ашык өкүлү жана миңдеген күрттөр каза тапты. Ал эми каршылашуу башталган 1984-жылдан бери 40 миң адамдын өмүрү кыйылды. 15 миллион калктуу күрттөр Түркиядан өз алдынча болуу үчүн күрөшүп келишет.

XS
SM
MD
LG