Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:35

Баш мыйзамдын өзгөртүлгөн беренелерине өзүнчө добуш берүү сунушталды


Бакыт Төрөбаев.
Бакыт Төрөбаев.

Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумда Конституциянын өзгөртүлгөн ар бир беренеге өзүнчө добуш берүүнү сунуштады. Анда референдумдагы бюллетенде Конституциянын өзгөтүлгөн ар бир беренесинин тушуна добуш берүүгө мүмкүн болот. Төрөбаев мындай ыкма жакында эле Азербайжанда колдонулганын билдирип, Кыргызстанда колдонууну компромисттик вариант деп атады.

-Биз шайлоо мыйзамдарын кабыл алып, шайлоону ачык өткөрүү боюнча алдыда болобуз десек, мындай ыкманы колдонуудан тартынбашыбыз керек,- деди Төрөбаев.

Сунушка Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов каршы чыгып, бул жарандар арасында түшүнбөстүктү жаратарын белгиледи. Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова мындай чараны киргизүүгө убакыт тар экенин айтты.

Бүгүн Жогорку Кеңеш «Референдум жөнүндө" мыйзам долбоорду экинчи окууда карап жатат. Бул мыйзам долбоор референдумду өткөрүүнүн жол-жобосун аныктайт. (SE\BkA)

XS
SM
MD
LG