Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:18

Баткендин Согмент айылына таза суу берилди

Баткен.
Баткен.

Баткендин Кыштут айыл аймагындагы Согмент айылына таза суу берилди. Таза суу Швейцария элчилигинин колдоосу менен ишке ашканы кабарланды. Ачылыш иш-чарасына элчи Ренэ Холенштайн да катышты. Курулуш иштерине 1 миллион 271 миң сомдон ашуун каражат сарпталган.

Кабарларга караганда, Швейцария элчилиги аймакта 10 социалдык объект курууга көмөктөшүп жатат. Демилге чыр-чатактарды басаңдатууга, чек ара жана көп улуттуу аймактарда ымала орнотууга багытталган. Аны “Эл аралык толеранттуулук үчүн” фонду ишке ашырып жатат. (JsA)

XS
SM
MD
LG