Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:14

АКШ добуш берүү системаларын хакердик чабуулдардан коргойт


АКШдагы шайлоочулар менен жолугушуулар
АКШдагы шайлоочулар менен жолугушуулар

АКШ ноябрда өтчү президенттик шайлоодо Орусия тараптан жасалып жаткан хакердик чабуулдардан өзүн коргой турганын Ак үйдүн басма сөз катчысы Жош Эрнест билдирди.

Анын айтымында, америкалык чалгын Орусия АКШдагы саясий системаны туруксуз кылууга кызыкдар деген маалымат берген.

Буга байланыштуу Эрнест АКШ өкмөтү өзүнүн добуш берүү системаларын коргоо үчүн бардык күчүн жумшайт деп ишендирди.

-Ички коопсуздук департаменти өз системаларын бекемдөө үчүн 30дан ашык өлкө менен иштешип жатат, – деди ал.

АКШнын он чакты штатында шайлоочуларды каттоо системасына хакердик чабуул жасалганын Федералдык иликтөө бюросу соңку бир нече айдан бери айтып келатат. Буга Вашингтон Орусияны айыптоодо. Орус бийлиги мындай айыптарды четке кагууда. АКШда президенттик шайлоо 8-ноябрда өтөт.

XS
SM
MD
LG