Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:59

Сойкуларды калкалайт делген милиционер иштен алынды


Сойкуларды калкалап, кесиптешине буйрук берген милиционер кызматтан алынды. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Олжобай Казабаев “Азаттык” радиосуна билдиргендей, аны иштен бошотуу боюнча ички иштер министрлигинин буйругу чыкты.

Кызматтан алынган Пардабай Намазбаев Свердлов райондук милициясынын №10 бөлүмүндө коомдук коопсуздукту камсыздоо бөлүгүн жетектеп келген. Анын сойку кыздардын таламын талашып, кол алдындагыларды тилдеп жатканы тууралуу видео жакында интернетке чыккан эле.

-Бул видео 15-майда тартылыптыр. Интернетке чыгып кеткенден кийин ага сөгүш берилген. Бирок коомчулукта кызуу талкуулана баштагандыктан, иштен бошотуу чечими кабыл алынды,- деди Олжобай Казабаев.

Кыргызстанда сойкуларды милиция өзү эле калкалап, алардан “үлүш” алып турары айтылып келет. (SE\BkA)

XS
SM
MD
LG