Кыргызгидромет агенттиги ушул күндөрү Кыргызстанда аба ырайы кескин төмөндөп, жамгыр карга айланарын эскертүүдө. Дыйканчылык аймактарда температура -3 градуска чейин төмөндөп, үшүк жүрөт.
14-октябрда өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан шамал согуп, ылдамдыгы 4-9, кээ бир учурда 23 метрге чейин жетет.
Абанын табы:
Чүй жана Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн +1...+6, күндүз +3...+8,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +4...+9, күндүз +11...+16,
Баткен облусунда түнкүсүн +3...+8, күндүз +10...+15,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +1...+6, күндүз +5...+10,
Нарын жергесинде түнкүсүн 0...-5, күндүз +6...+11 градус болот.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланышы мүмкүн. Түнкүсүн +1...+3 , күндүз +4...+6 градус жылуу болот.