Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:37

Cаясий куугунтукка кабылгандарды коргоо боюнча резолюция кабыл алынды


Оппозициянын жыйыны.
Оппозициянын жыйыны.

Жарандык активисттер 13-октябрда Бишкекте форум өткөрүп, анын жыйынтыгында саясий негиз менен абакта отургандарды, куугунтукка кабылгандарды коргоо боюнча резолюция кабыл алынды. Бул тууралуу “Сөз эркиндигин коргоо комитети” уюмунун төрагасы Адил Турдукулов “Азаттык” радиосуна билдирди. Резолюцияда азыркы бийлик Конституцияны алмаштыруу менен эл аралык уюмдар аркылуу кыргызстандыктардын укугун коргоого бөгөт коюну көздөп жатканы, демократиялык деп саналган Кыргызстанда саясый туткундар бар экени, аларды эч далилсиз, бийликти күч менен алууга аракеттенди деген күнөө менен камап койгону белгиленген. Бул көрүнүштөргө каршы турууга коомчулукка чакырык ташталган.

Ошондой эле форумда камакта отурган оппозициячылардын сотун ачык өткөрүү маселеси көтөрүлүп, Конституцияны өзгөртүүгө каршылыктар уланары айтылды.

Оппозициячылар Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков, Дастан Сарыгулов, Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Марат Султанов, Александр Гусев, Тойгонбек Калматовду УКМК бийликти күч менен басып алууга умтулган деген айып менен быйыл майда камакка алган. (NT)

XS
SM
MD
LG