Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:47

Ошто мурдагы дарыгерлер төрт жылга шарттуу кесилишти


26 жаштагы Айнура Сагынбаеванын өлүмүнө тиешеси бар деген айып менен Ош шаардык төрөтканасынын үч кызматкери соттолду. Аларга шалаакылык, пара алган деген айыптар тагылып, үч жылга чейин дарыгерлик иш менен алектенүүгө тыюу салынды.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымдашынча, акыркы бир жыл аралыгында эле аталган төрөткананын мурдагы дарыгери, учурда сот жообуна тартылган К.А. катышкан операциядан 5 аял каза болгон. Тагыраак айтканда, Жылдыз Алыкулова, Айнура Сагынбаева, Назира Молдалиева, Кулпунай Курамова, Нурбүбү Султанова аттуу келиндер К. А. жасаган операциялардын кийин жарык дүйнө менен кош айтышкан. Дарыгерге буга чейин “сөгүш” гана жарыяланган.(YI)

XS
SM
MD
LG