Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:21

Ереванда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун саммити өтүүдө


Ереванда ЖККУнун жыйыны башталды.
Ереванда ЖККУнун жыйыны башталды.

Армениянын борбору Ереванда бүгүн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун мамлекет башчыларынын кезектеги саммити башталды. Күн тартибинде жаңы башкы катчыны дайындоо, терроризмге каршы биргелешип күрөшүү маселелери бар. Жыйында Армения расмий түрдө ЖККУ Кеңешинин төрагалыгын Беларустун тышкы иштер министрине өткөрүп берет.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков саммитке Нурсултан Назарбаевден башка баардык мамлекеттердин президенттери катышарын билдирди. Расмий Астана кабарлагандай, 76 жаштагы президент Назарбаевдин тумоолоп калгандыгына байланыштуу премьер-министр Бахытжан Сагынтаев Ереванга жөнөп кетти.

Ал арада саммитти утурлай Ереванда бүгүнкү жыйынга катышуу үчүн учуп келген орус президенти Владимир Путинге каршы нааразылык акциясы да өттү.

Жергиликтүү активисттер Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун академиясынын жаңы курулуп жаткан имаратынын чатырына чыгып алып «Эркин, эгемен Армения», «Путин, Армениядан кет!» деген жазууларды илишти. Көп өтпөй ал плакаттарды жумушчулар кайра алып салышты. Активист Давид Санасарян Жамааттык коопсуздук уюму Орусия баштаган күч структурасы болгондуктан, Арменияга анын эч пайдасы жок экенин айтууда.

Буга чейин аталган топ уюмдун академиясынын ачылышына да каршылыгын билдирип, акцияларды уюштурган.

XS
SM
MD
LG