Линктер

дүйшөмбү, 29-май, 2017 Бишкек убактысы 08:35

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев ишке чыкты


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев.

Бүгүн Астанада бир нече күндөн бери тумоолоп жатканы расмий кабарланган Нурсултан Назарбаев ишке чыкты. Ал Ак ордодо баш прокурор Жакып Асановду жана баш калаанын акими Асет Исекешевди кабыл алды.

Жума башында 76 жаштагы Нурсултан Назарбаев суук тийгизип алганына байланыштуу дарыланууда экени расмий маалымдалган. Коңшу мамлекеттин башчысынын саламаттыгы тууралуу мындай билдирүү өтө сейрек жарыяланат.

Бүгүн Армениянын баш калаасы Ереванда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун мамлекет башчыларынын кезектеги саммити өтүүдө. Ага Назарбаевдин ордуна өкмөт башчы Бакытжан Сагынтаев катышууда.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG