Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:08

Украина чыгышындагы жаңжалда 2,5 миң жоокер набыт болду


Украинанын чыгышында эки жылдан бери уланып келаткан жаңжалда 2 533 украиналык аскер набыт болду. Бул тууралуу Украинанын президенти Петро Порошенко жума күнү Киевдеги аскер лицейинин курсанттарынын ант берүү аземи учурунда билдирди.

Украиналык маалымат каражаттарынын жазышынча, 56 миңден ашык аскер өлкөнүн Куралдуу күчтөрүндө келишимдик негизде кызмат өтөп жүрөт.

Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдер менен жаңжал эки жылдан ашык убакыттан бери уланып келет. (BkA)

XS
SM
MD
LG