Facebook Таиланд падышасы Пхумипон Адульядеттин өлүмүнө байланыштуу бул өлкө аймагында жарнамаларды өчүрдү. Мындай жол менен социалдык тармак алгач жолу бүткүл өлкө аймагында жарнамаларды өчүрүүгө барды.
Фейсбуктан тышкары Google да таиланд падышасын эскерди. Бул компания таиланддык колдонуучулар үчүн издөө интерфейсинин түсүн аза күтүүгө байланыштуу ака-карага өзгөрттү.
Таиланддын падышасы Пхумипон Адульядет 13-октябрда 88 жаш курагында каза болгон. Ал падышалык тактыда 46 жыл отурган.