Литванын борбору Вильнюста "Эркин Орусия" форуму өтүүдө. Форумга чогулган оппозиция өкүлдөрү Орусиядагы коррупция жана диктатуралык бийлик менен күрөшүү жолдору, Крымды аннексиялаган соңку пропагандалык саясат боюнча талкуулар өттү. 14-октябрда башталган форумдун биринчи күнүндө Европа өлкөлөрүндөгү орус саясий качкындарынын маселеси да талкууланды.
Форумга 200дөн ашык бозгунда жүргөн саясатчы, активист, укук коргоочулар катышууда. Алардын арасында коомдук ишмер Альфред Кох, саясатчы Илья Пономарев, журналисттер Мария Макеева, Аркадий Бабченко, Илья Барабанов, Елена Костюченко бар.
Форум бүгүн да уланып, быйылкы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы, Батыш өлкөлөр менен алаканы оңдоо маселелери каралат.