Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:10

Путин Индия премьер-министри менен жолугууда


Орусиянын президенти Владимир Путин менен Индиянын премьер-министри Нарендра Моди коргонуу жана энергетика жаатында жаңы келишимдерге кол коюшат. Эки лидердин жолугушуусу бүгүн Индиянын туристтик Гоа штатында өтүүдө. Бул жерге Путин БРИКСтин лидерлеринин жыйынына катышуу үчүн келген.

Эки лидер кол койчу документтердин арасында S-400 зениттик системасы Индияга сатуу боюнча келишим бар.

Индия коргоо тармагына жылына эң ири импортерлордун бири болуп саналат. Ал акыркы жылдары аскер техникаларын жаңылоо үчүн 100 миллиард доллар сарптаганы маалымдалган.

Ошондой эле энергетикалык жаатта орусиялык "Роснефть" компаниясы Индиядагы Essar Oil ишканасын сатып алары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG