Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:17

Дональд Трампка жаңы дооматтар айтылды


Республикалык партиядан АКШ президенттигине талапкер Дональд Трамптын дарегине сексуалдык ыдык көрсөтүү боюнча жаңы дооматтар айтылууда. Бул жолу 41 жаштагы америкалык аял Трампты айыптап чыкты. Анын айтымында, миллиардер 2006-жылы жумушка орноштуруу убадасы менен чакырып, ага тийишкен.

Дагы бир аял The Washington Post басылмасына 1990-жылдары Нью-Йорктогу түнкү клубда Трамп ага сексуалдык мүнөздө ыдык көрсөткөнүн айтып берди.

Дональд Трамп болсо бул айыптоолорду четке кагып, “курулай каралоо” деп атады.

Буга чейин The New York Times басылмасы Трамптын дарегине сексуалдык ыдык көрсөтүү боюнча айыптар коюлуп жатканын жазып чыккан эле. Республикалык партиядан бул айыптоолорду “саясий чабуул” деп атады.

XS
SM
MD
LG