17-октябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. 18-октябрда күндүн экинчи жарымында жана 19-октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан карга айланат.
18-20-октябрда абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас, Ысык-Көл, облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 0…5° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-3° үшүк, күндүз 3…8° жылуу, Нарын облусунда жана тоолуу райондордо түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -1…-6° суук болот.
Аба ырайы:
16-октябрда түнкүсүн жамгыр жаабайт, күндүз Талас жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй облусунда түнкүсүн 1...6, күндүзү 12...17 градус жылыйт.
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1...6, күндүзү 10...15 градус жылуу болот.
Ош, Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 3...8, күндүзү 13...18 градус жылуу болот.
Баткен облусунда түнкүсүн 2...7, күндүзү 13...18 градус жылуу болот
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3...2, күндүзү 8...13,
Нарында түнкүсүн -1...-6, күндүзү 10...15 градус жылыйт.
Бишкекте 16-октябрда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3°, күндүз 14…16° жылуу болот.