Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:30

Жашы жете элек кыздарын турмушка берген ата-эненин жоопкерчилиги каралат


Үйлөнүү той
Үйлөнүү той

Жашы жетелек эки кызын бир күндө турмушка берген ата-энеге укуктук баа берилет. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ак-Талаа районунун акиминин орун басары Жылдыз Мамбетова билдирди. Анын айтымында, Ак-Талаа районунун Байгөнчөк айылынын 43 жаштагы тургуну он алты жана он жети жаштагы эки кызын бир күндө турмушка узаткан.

Райондук ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы бул иш боюнча тиешелүү кагаздарды даярдап, тергөөгө жөнөткөнү жатат.

Бойго жете элек кыздардын ата-энеси болсо, бул аракетин мыйзамга каршы келет деп эсептебей турганын билдирүүдө.

Кыргызстанда Үй-бүлө кодексине ылайык, жарандар 18 жаштан баштап турмуш курганга болот. (MiK)

XS
SM
MD
LG