Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:50

Багдаттагы жардыруулардан алтымышка жакын адам мерт болду


Багдад
Багдад

Багдатта ишембидеги бир нече жардыруудан алтымышка жакын адам мерт болду. Reuters агенттиги жазгандай, шииттердин диний жөрөлгөсү өтүп жаткан чатырда жанкечти өзүн жардырып жиберген. Андан 41 адам каза болуп, 33ү жараат алды. Чатыр Багдаттын түндүгүндөгү базарга орнотулган эле. Алар шииттердин Ашура майрамын, башкача айтканда Мухаммед пайгамбардын небересинин өлгөн күнүн белгилеп жатышкан.

Ушул эле күнү Багдаттын тегерегинде дагы эки кол салуу болуп, 11 полиция кызматкери жана үч аскер көз жумду. 

Дагы бир кол салуудан аскер командири жана төрт адамдан турган үй-бүлө каза тапкан. 

Бул кол салуулар үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» террорчул тобу өзүнө алды.(BkA)

 

XS
SM
MD
LG