Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:35

Кыргызстан Германия менен ирригация тармагында кызматташат


Канал салып жаткан адамдар. Кыргызстан, 2012-жыл
Канал салып жаткан адамдар. Кыргызстан, 2012-жыл

Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев менен Кыргызстанга келген Германиянын азык-түлүк жана айыл чарба федералдык министри Кристиан Шмидттин жолугушуусунда талкууланды. Өлкө башчысынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда айыл чарба, анын ичинде сугат системасын өнүктүрүү жаатында маселелер каралды. Германиялык делегация канцлер Ангела Меркелдин Кыргызстанга жасаган сапары учурунда кол коюлган макулдашууга ылайык келген.

Шмидт премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен да жолугуп, эки тараптуу кызматташуунун жол-жобосун талкуулады.

Канцлер Ангела Меркел Кыргызстанга расмий сапар менен июль айында келген. (BkA)

XS
SM
MD
LG