Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:08

Экс-президент Отунбаева Эл аралык кризистик топтун жыйынына катышууда


Экс-президент Роза Отунбаева Эл аралык кризистик топтун Лондондогу жыйынына катышууда. Бул тууралуу «Роза Отунбаеванын демилгелери» фондунан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жыйында эл аралык курч маселелер талкууланып жатат.

Эл аралык кризистик топ дүйнөнүн 40 өлкөсүндө иш алып барган уюм. Ал дүйнөдөгү көйгөйлүү маселелер туурасында иликтөөлөрдү жүргүзүп, баасын берип келет. Роза Отунбаева аталган уюмдун Камкорчулар кеңешинин мүчөсү. (BkA)

 

XS
SM
MD
LG