Жармаңкеге облустун 37 айыл өкмөтүнөн келген дыйкандар катышып жатат. Анда дан, бакча өсүмдүктөрү, жашылча-жемиштер коюлуп, базар баасынан 5-10 сом төмөн сатылууда. Облустук бийлик өкүлдөрү маалымдагандай, мындай жармаңке багбан-дыйкандарды колдоо максатын көздөйт.
Ошол эле учурда дыйкандар айыл чарба азыктарын экспортко чыгарууга колдоо болбой жатканына нааразылыгын билдирүүдө.
Таласта негизинен төө буурчак экспортко чыгарылат. Былтыр анын баасы төмөн болуп, таластык дыйкандар нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Быйыл төө буурчактын бир килограммынын баасы 50-55 сом болууда.(AiS)