Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:25

Индияда BRICS уюмунун саммити өтүүдө


BRICS уюмуна мүчө өлкөлөрдүн лидерлери бүгүн Индияда кезектеги саммитке чогулду. Жыйынды ачып жатып Индиянын премьер-министри Нарендра Моди терроризм бүгүнкү күндө дүйнөдөгү тынчтык, коопсуздук жана өнүгүүгө чоң коркунуч жаратып жатканын айтты жана кыйыр түрдө коңшусу Пакистанды айыптап өттү.

Нью-Дели менен Исламабад талаштуу Кашмир аймагында согушкерлерди колдоду деп бирин-бири айыптап келет. Пакистан бийлиги Индиянын айткандарын четке кагууда.

15-октябрда саммит алкагында Орусия менен Индия энергетика тармагындагы кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

BRICS уюмуна Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка мүчө. Алардын калкы дүйнө жүзүнүн калкынын дээрлик жарымын жана экономикасынын бир чейрегин түзөт. (RK)

XS
SM
MD
LG