Бишкекте АКШ менен Канадада туруктуу жашоого уруксат алып берүүгө убада кылып жарандарды алдаган адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аталган адамдан алданган борбордун тургуну арыз менен кайрылган. Андан шектүү адам АКШдан туруктуу жашоого уруксат жасатып берем деген убада менен 6,5 миң долларын алып, изин жашырып качып кеткен. Издөө иштеринин жыйынтыгында кылмышка шектүү кармалды. Учурда ага каршы «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иш козголуп, шаардык милициянын убактылуу кармоо жайына камакка алынды.(BkA)