Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында Эсеп палатасынын төрагасы Улан Марипов билдирди. Анын айтымында, көптөгөн иштер тергөө органдарынан сотко өтпөй калат.
Маалыматка ылайык, былтыр Эсеп палатасы 82 ишти укук коргоо органдарына берген. Алардын ичинен эң көп Башкы прокуратурага жана УКМКга берилген. Бирок сотко 20 гана иш өткөрүлгөн.
Эсеп палатасы 4,8 миллиард сомдук мыйзам бузууларды аныктаган.(BkA)