Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:00

Венгрия менен экономикалык кызматташтык келишими жактырылды


Будапешт
Будапешт

Кыргыз өкмөтү Венгрия өкмөтү менен экономикалык кызматташтык боюнча келишимди жактырды. Бул боюнча тиешелүү буйрукка кол коюлганын Экономика министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган келишим эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташтыкка укуктук негиз түзүп, өкмөт аралык комиссия түзүүгө жол ачат. Ошондой эле соода, туризм, кен иштетүү, айыл чарба жана бир катар тармактар боюнча кызматташтыкты жандантууга өбөлгө түзөт.

Расмий маалымат боюнча, 2015-жылы Кыргызстандын Венгрия менен соода жүгүртүүнүн көлөмү 8,8 миллион долларды түзгөн.(BkA)

XS
SM
MD
LG