Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:50

Британия жана АКШ Лондондо Сирия менен Орусияга жаңы санкцияларды киргизүүнү сүйлөштү

Британиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон жана АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри.
Британиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон жана АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри.

АКШ жана Британия Алеппону бомбалоого байланыштуу Сирия өкмөтү менен Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизүүнү караштырып жатышканын айтышты. Британиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон менен АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри 16-октябрда Сириядагы кырдаалдын начарлашы боюнча эскертүү жасашты. Алар Сирия президенти Башар Асаддын башкы колдоочулары Орусия менен Иранга кайрылып, ок атышууну токтотуу боюнча жаңы келишимге келүүгө чакырышты. Андан бир күн мурун Жон Керри жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Лозанна шаарында регионалдык кубаттуу мамлекеттердин катышуусунда Сирия маселесин талкуулаган эле. “Биз бир катар чараларды караштырдык, анын ичинде режим жана анын колдочуларына карата чараларды” деди Борис Жонсон журналисттерге. (AiT)

XS
SM
MD
LG