Орусиянын Улуттук антитеррордук комитетинин 17-октябрдагы билдирүүсү боюнча эки шектүү Дербент шаарында өткөн түнкү операцияда жок кылынды. Алар террордук уюмдардын мүчөсү деп шектелген.
Дагестан Түндүк Кавказда халифат уюштурууну көздөгөн куралдуу топтордун уюгу болууда. Уюшкан кылмыштуулук, ишкерлер арасындагы териштирүүлөр, саясий талаш-тартыштар жана кландар арасындагы таймаштар региондо кан төгүү менен туруксуздуктун себеби болууда. (AiT)