Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:46

Аба ырайы: шашылыш эскертүү


Кыш деми.
Кыш деми.

18 - 19-октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан карга айланышы мүмкүн. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана тоо этектеринде, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет.

18-20-октябрда абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас, Ысык-Көл, облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 0…5° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-3° суук, күндүз 3…8° жылуу, Нарын облусунда жана тоолуу райондордо түнкүсүн -3…-8°, күндүз -1…-6° суук болот.

18-октябрда түнкүсүн айрым жерлерде жаан-чачын жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 18-23 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 7...12 градус жылыйт.

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0...5, күндүз 5...10 градус жылуу болот.

Ош, Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 10...15 градус жылуу болот.

Баткен облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 9...14 градус жылуу болот.

Ысык-Көлдө түнкүсүн 0...5, күндүз 7...12,

Нарында түнкүсүн -1...-6, күндүз 7...12 градус жылыйт.

Бишкекте 18-октябрда түнкүсүн жана түштөн кийин жаан жаап, аягы карга айланышы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6°, күндүз 10…12° жылуу болуп, кечке жуук 3°ка чейин төмөндөшү ыктымал.

XS
SM
MD
LG