Расмий маалыматтар боюнча, Ооганстандын мамлекеттик телерадиокомпаниясынын кабарчысы Якуб Шарафат Забул провинциясында киши колдуу набыт болду. Маалыматка караганда, 16-октябрда провинция борбору Калат шаарында журналист жубайы менен ооруканадан чыгып бараткан кезде кол салуу болгон.
Журналистти жок кылууга эч кайсы тарап жоопкерчилик ала элек. Ооганстан журналисттер коопсуздугу бирикмесинин маалыматы боюнча, быйылкы жылдын сегиз айында сегиз журналист курман болду. Бул Ооганстан журналисттер тарыхындагы эң кандуу жыл болуп калганы айтылууда. (AiT)