Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Тойота фуранер үлгүсүндөгү автоунаа алдында бараткан Мерседес унаасын сүзүп алган. Натыйжада Бакай-Ата районунун үч тургуну кырсык болгон жерден набыт кетип, жүргүнчүлөрдүн экөө ооруканага жеткирилген.
Кырсыкка шектүү делип 1994-жылы туулган Б.Э аттуу жаран кармалды. Учурда тергөө иши жүрүп жатат. (AlS)