Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:39

Тогуз айда төрт миңден ашуун автокырсык катталган


Автокырсыктар негизинен катуу ылдамдыктан болот.
Автокырсыктар негизинен катуу ылдамдыктан болот.

Бул өткөн жылга салыштырмалуу 19,4% аз деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы. Ага ылайык, адам өлүмүнүн саны да 15,7% азайган. Мындан тышкары жол эрежелери бузулган 500 миңден ашуун учур катталып, андан мамлекеттик бюджетке түшкөн жаза айыптын суммасы 258 млн. 309 миң сомду түзгөн.

Ошондой эле коомдук жайларда жасалган кылмыштар да былтыркыга караганда 8,2% азайган. Жалпысынан тогуз айда Кыргызстанда 21 миң 154 кылмыш катталган. Анын ичинен 16 миң 548 кылмыш иши ачылган.

Мындай маалыматтар 17-октябрда тогуз айдын жыйынтыгын чыгаруу боюнча ИИМдин коллегиясында айтылды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG