Райондун Жаңы-Базар жана Чандалаш айылдарынын эли кен казуучу Түштүк кореялык “Бустер” компаниясы элге берген убадасын аткарган жок деп, нааразы болушууда. Жаңы-Базар айылынын тургуну Асылбек Оморовдун “Азаттыкка” ырасташынча, эки жыл мурун компания кыштак менен район борборунун ортосундагы дарыяга көпүрө куруп берүүгө убада берип, бирок аны аткарган эмес. Эми убадасына турбай, кайра кен казууга киришкен ишкананын аракетине нааразы болгон тургундар милицияга кайрылышкан:
-Биз ишкананы басып алган жокпуз. Аракетибиз мыйзамдуу болсун деп, райондук милицияга ишкананын үстүнөн арыз жазып таштадык. Эми райондук акимчиликке барып, ал жакта да арыз жазалы деп жатабыз. Көпүрө куруп беребиз деген убадасына турбай, өткөн жылы да чыкканбыз.
Чаткалдын Чандалаш алтын кенин казуу боюнча лицензияга Түштүк кореялык “Бустер” компаниясы ээ.
Аталган айылдын тургундары чет элдик компания кыштак менен район борборунун ортосундагы дарыяга көпүрө куруп берүүсүн талап кылып, өткөн жылы да чыгышкан. Натыйжада компания ишин токтотууга аргасыз болгон. Эми жакындан бери кайра ишин жандандырган. Чандалаш айылында 60 түтүн жашайт. Район борборуна баруу үчүн ортодогу сайды айланып, 13 км айланып өтүүгө туура келет.
Азырынча “Бустер” компаниясынан бул боюнча комментарий алууга мүмкүн болгон жок.(ZKo)