Мурдагы вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жумушчу топ деңгээлинде калтыруу туура эместигин билдирди. Мындай пикирин “Азаттык” радиосуна курган маегинде айтып, жумушчу топ маселе чече албастыгын белгиледи:
-Өкмөттүк деңгээлде жолугушуу болушу шарт. Жумушчу топ мурдагы сүйлөшүүлөрдө такталган жерлер жөнүндө эле сүйлөп жатышпайбы. Демаркация жана делимитация боюнча өкмөт башчылардын орунбасарлары эки өлкөдө тең бар. Жолугушууларга ошолор катышуусу керек.
Эки өлкө ортосундагы бир топ жыл муздап турган мамиле соңку кездери жанданган. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара боюнча жумушчу топтору быйыл сентябрь айынан бери үчүнчү ирет жолугушту.
Кыргыз-өзбек чек арасы 1378 чакырым. Аны 320 чакырымы тактала элек. Мындан улам ар кандай чыр-чатактар болуп турат. (SE)