Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 03:02

Тогуз айда 148 экстремисттик кылмыш катталды


Интернет аркылуу сес көрсөткөндөр.

Кыргызстанда быйыл тогуз айда экстремисттик багыттагы 361 көрүнүш катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин ишин талкуулаган коллегияда айтылды. Маалыматка ылайык, бул көрүнүштөр боюнча 148 кылмыш иш ачылган. Учурда өлкө боюнча экстремисттик багыттагы уюмдарга ылым санайт делген 4154 адам министрликтин атайын каттоосунда турат.

ИИМ дүйнөдөгү кырдаалга байланыштуу экстремизм жана терроризмге каршы күрөштү, түшүндүрүү иштерин күчөткөнүн билдирүүдө.(BkA)

XS
SM
MD
LG