Балдарын аёосуз мушташтырган Өзгөн районунун эки тургуну эки айга камакка алынды. Мындай чечимди Өзгөн райондук соту кабыл алды. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаевдин билдиришинче, аталган жарандар учурда Ош шаарындагы тергөө абагында камакта. Аларга карата Кылмыш кодексинин «Өспүрүмдөрдү кылмышка түртүү», «Жашы жетпегенди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо” жана “Бейбаштык” беренелери боюнча кылмыш иш козголгон.
3-октябрда социалдык тармактарда эки жеткинчектин аёосуз мушташып жатканы боюнча тасма жарыяланып, коомдо катуу талкууга кабылган. Анда чоң кишилер эки баланын ыйлап, катуу жаракаттарды алганына көңүл да бурбай, аёосуз "ур, саба" деп кыйкырып турушкан.
Ош облустук прокуратурасы кичинекей балдардын аёосуз мушташы тартылган видео Өзгөн районунун Кош-Коргон айылында болгонун кабарлаган. Маалыматка караганда, быйыл август айындагы жаш балдардын мушташы видеого тартылып, интернетке тарап кеткен. Алдын ала иликтөөлөр боюнча канга боёлгончо мушташкан алты жана жети жаштагы эки баланы аталары мелдешип уруштурган.(BkA)