Пешмерга аскерлери Кошмо Штаттардын абадан колдоосу менен Мосулду “Ислам мамлекети” террордук тобунан бошотууга катышууда. Артиллериялык, ракеталык аткылоо жана бомбалоодон кийин күрт күчтөрү 17-октябрда 200 чарчы чакырым жерди ээлешип, ИМдин жоочуларын артка сүрүштү.
Ирактын экинчи чоң шаары Мосул 2014-жылдан бери ИМдин көзөмөлүндө турат. Аны бошотуу операциясына даярдык бир айдан ашык убактан бери жүрүүдө. Ирак генералы Хайдар Фадхилдин айтуусунда, операцияга Ирактын 25 миң аскери жана күрттөрдүн Пешмерга тобунун 4 миң жоокери тартылды. (AiT)