Маалыматка караганда чабуул сегиз саатка токтотулат. Кошмо Штаттар аны “кечиктирилген жана өтө кыска мөөнөт” деп сындады. Генерал-лейтенант Сергей Рудскойдун айтуусунда, 20-октябрда Орусия жана Сирия күчтөрү чабуулун токтотуп, жоочулардын жана жарандардын Алепподон чыгып кетишине мүмкүнчүлүк берет.
Улуттар Уюмунун өкүлдөрү жума сайын 48 сааттан ок атууну токтотуп, гуманитардык жардам жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү өтүнүүдө. Бирок Орусия жана Сирия күчтөрү жоочулар ээлеген аймактарга чабуулун күчөтүүдө. АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Марк Тонер Орусия жарыялаган паузаны “жакшы нерсе болорун, бирок ал өтө кыска жана кеч” экенин билдирди.
Марк Тонер Орусия менен Сирия аскер күчтөрүнүн максаты - Алепподон жоочуларды, ага кошуп жарандарды ачкачылык аркылуу турган жеринен сыртка сүрүп чыгаруу, деп билдирди. Сирия оппозициялык активисттеринин маалыматы боюнча, 17-октябрда Орусия жана Сириянын аба күчтөрүнүн соккусунан 36 киши набыт болду. (AiT)