Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:29

Армиядагы курал сатууга байланыштуу 14 офицер кызматтан алынды


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Чек ара кызматына караштуу аскер бөлүктөн курал сатууга байланыштуу 14 офицер кызматтан алынды. Алардын арасында Чек ара кызматынын төрага орун басары Таалайбек Усубалиев да бар. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчи орун басары Закир Тиленов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, учурда бул иш боюнча атайын комиссия түзүлүп, аскер бөлүктөрдөгү курал-жарак техникалар кайрадан саноодон өткөрүлүүдө. Ошондой эле Чек ара кызматынын төрагасы жана анын орун басарына сөгүш жарыяланды.

Буга чейин Коргоо иштери боюнча комитет төрагасынын айдоочусу менен Чек ара кызматынын прапорщиги курал-жарак сатууга айыпталып кармалган эле. Комитет төрагасынын айдоочусу Калашников үлгүсүндөгү үч автоматты сатууга айыпталган. Ал эми Чек ара кызматынын кампасынан 26 автомат, 14 тапанча жана 13 миңден ашуун ок уурдалганы белгилүү болгон.

Бул окуядан кийин президент Алмазбек Атамбаев Башкы Штабдын башчысы жана Башкы прокурорго армиядагы коррупцияга каршы чара көрүү тапшырмасын берген.(BkA)

XS
SM
MD
LG