Сот жообуна 5-июнда Актөбө шаарында исламга жамынып теракттарды жасагандар жана алардын колдоочулары тартылууда. Соттук териштирүүлөр Актөбө шаарында 18-октябрда башталды. Жоопко 29 киши тартылууда. Алардын тогузу террорчулук, киши өлтүрүү, террордук топту түзүү жана ага мүчө болуу, мыйзамсыз курал алып жүрүү жана колдонуу боюнча айыпталууда. 18 киши террордук чабуул тууралуу маалымат берген эмес, эки киши кылмышкерлерди жашырган деп жоопко тартылууда.
Актөбөдө июнь айында динге жамынган жоочулар жасаган чабуулдарда беш тынч жаран жана коопсуздук күчтөрдүн үч өкүлү набыт болгон. Коопсуздук күчтөрү 18 жоочуну жок кылган. Президент Нурсултан Назарбаев чабуулду салафийлер уюштурганын билдирген. (AiT)