Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:17

ЕБ комиссары Мосулдан чыга турган жоочулар боюнча эскертүү жасады


Мосул
Мосул

Европа Биримдигинин коопсуздук боюнча комиссары Жулиан Кинг Германиянын Die Welt гезитине 18-октябрда жарыяланган интервьюсунда Мосулдан качкан жоочулардын келишине Биримдик даяр болуш керек деп билдирди. Аз гана сандагы жоочулар да олуттуу коркунуч жаратат деген Кинг ага даяр болууга чакырды.

17-октябрда Ирактын коопсуздук күчтөрүнүн 25 миң, күрттөрдүн 4 миң аскери Мосулду бошотуу операциясын баштады. Улуттар Уюму операция учурунда бир миллиондой адам үйүн таштап кетүүгө аргасыз болорун эскертти. Жуллиан Кинг өз маегинде "Ислам мамлекети" уюмунун катарына 2,5 миңдей адам Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдөн барганын эске салган.

Германиянын ички иштер министри Томас де Мейзер Ирак жана Сирияда жоочуларга каршы күрөш Европада кооптуулукту күчөтөт дегенге кошулбасын белшиледи. Анын айтымында, жоочулардын кайтышы менен коопсуздукка келе турган коркунучтарды минималдаштыруу аракети көрүлүп жатат. (AiT)

XS
SM
MD
LG