Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

Парламент референдум өтчү күндү белгилейт


Шайлоо.
Шайлоо.

19-октябрдагы жалпы отурумда Жогорку Кеңеш “Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамы боюнча референдумду дайындоо тууралуу” мыйзам долбоору экинчи окууга коюлат. Аталган мыйзам долбоору буга чейин профилдүү комитеттердин кароосунан өттү. Мындан тышкары бул мыйзам долбоору 1-окуудан кабыл алынган. Ага ылайык, референдумду дайындоо 4-декабрга коюлууга тийиш. Бирок БШК жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-декабрда болорун белгилеп, шайлоо менен референдумду бир күндө өткөрүүнү сунуштаган. БШКнын жүйөөсү боюнча, бул сарпталуучу каражатты үнөмдөйт.

Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушун парламенттеги беш фракция демилгелеп алып чыккан. Бирок акыркы редакциясына кол коюудан “Өнүгүү-Прогресс” жана “Бир бол” фракцияларынын лидерлери баш тартышкан. Алар муну мыйзам долбоору баштапкысынан өзгөртүлгөнү менен түшүндүрүшкөн.

Кыргызстандын Башмыйзамы акыркы жолу 2010-жылы 26-июнда Референдум менен өзгөртүлүп, парламенттик башкаруу системасы киргизилген. Ошондой эле Конституцияны 2020-жылга чейин өзгөртпөө тууралуу чечим кабыл алынган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG