Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:28

Жергиликтүү кеңешке үгүт өнөктүгү 11-ноябрда башталат


Шайлоо.
Шайлоо.

Жергиликтүү кеңешке шайлоого үгүт өнөктүгү 11-ноябрда башталат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, шаардык кеңешке талапкерди каттоо 31-октябрга чейин жүргүзүлөт.

Ал эми айылдык кеңештерге каттоо 11-ноябрга чейин болот.

БШК жергиликтүү кеңештерге талапкерлигин койчу жарандарга үгүт өнөктүгүндө мыйзам бузбоого чакырды.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңешке шайлоо 11-декабрга белгиленген. Бул күнү Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумду өткөрүү да сунушталууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG