Германия канцлери Ангела Меркелдин айтуусунда, Орусиянын Сириядагы аракети үчүн Европа Биримдиги санкция киргизүүнү да колдошу керек.19-октябрда Берлинде Украина боюнча “Норманд форматында” Франция, Орусия, Германия жана Украина лидерлери жолугушат.
Меркелдин ырасташынча, бейрасмий түрдө ал Франция президенти Франсуа Олланд, орус президенти Владимир Путин менен Сирия маселесин талкуулайт. Бирок ал жолугушуудан “сыйкырды” күтпөөнү эскертти.
Германия жана Франция лидерлери Алеппо үчүн Орусияны кескин сынга алып келишет. Меркелдин айтышынча, “столдо бардык варианттар болуш керек, анын ичинде санкция дагы. Бирок негизги максат адамдардын азабын азайтууга жол табуу”.
Германия канцлеринин 18-октябрдагы мындай билдирүүсүнөн бир күн мурун Европа Биримдигинин тышкы иштер комиссары Федерика Могерини биримдик Сирия боюнча Орусияга санкция киргизүүнү караштырбаганын ырастаган эле. (AiT)